Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Крымда орус рубли жүгүртүүгө кирди


Орусия аннексиялап алган жарым аралда рубль расмий акча бирдиги болду. Крым Борбордук банкынын төрагасы Николай Барилюк 2016-жылга чейин аталган аймакта украин гривнясы же орус рубли менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот деп билдирди. Андан соң орус валютасы жарым аралдын жалгыз мыйзамдуу акча бирдиги болот.

Андай болгону менен аймактагы кабарчылар Крымдын дүкөндөрү сооданы негизинен гривня менен жүргүзүп жатканын маалымдашты. Барилюк Москва аннексияланып алган аймакка бир миллиард рубль жардам которулаарын кошумчалады. Бир нече күндөн кийин Крымдагы пенсия төлөмдөрү рубль менен бериле баштайт.

XS
SM
MD
LG