Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:05

Жалал-Абадда март жана апрель окуялары талкууланат


Облустук Барпы театрында бүгүн болуучу жыйынды аймактагы коомдук активисттер жана айрым жергиликтүү кеңештин депутаттары уюштурууда. Аксы районундагы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынын төрага орун басары Жанарбек Надырбеков жана Барпы айылдык кеңешинин депутаты Батыр Бегматов “Азаттыкка” кабарлашкандай, жыйында өлкөдөгү бүгүнкү коомдук-саясый абал, март, апрель окуяларынын сабактары жана жаштардын саясаттагы ролу талкууланмакчы. Андан сырткары Кыргызстанды Украинадагыдай кырдаалга жеткирбөө жөнүндө да сөз болот.

Жыйынга облустагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана коомдук активисттер катышат. Чогулушка президент менен парламенттеги беш фракциянын башчылары да чакырылган. Бирок алардын катышары анык эмес. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG