Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Жогорку Кеңеште коалиция талкуусу уланууда


Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү боюнча фракция аралык сүйлөшүүлөр быша элек. Макулдашуу жүргүзүлүп жатканы менен азырынча чечим чыгаруучу сунуш айтылган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Замирбек Алымбеков билдирди. Анын айтымында, коалиция куроо иштери ушул аптада чечилиши мүмкүн.

Жогорку Кеңештеги “Ар-Намыс”, “Ата Мекен”, “Республика” жана КСДП партияларынын өкүлдөрү коалицияга кирүүгө даяр экенин маалымдашкан. Ошол эле мезгилде “атамекенчилер” оппозицияда да калышы мүмкүндүгүн айткан. Ал эми “Ата-Журт” фракциясы позициясын билдире элек.

Жаңы коалиция түзүү мандатын президент 20-март күнү КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG