Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

ФИФА президенти Йозеф Блаттер Бишкекке келди


Эл аралык футбол ассоциациялар федерациясынын (ФИФА) президенти Йозеф Блаттер Бишкекке келди. Өлкөнүн футбол федерациясынын баш катчысы Дастан Конокбаев билдиргендей, ФИФА башчысынын учагы кечээ, 24-мартта кечинде «Манас» аэропортуна конуп, аны футбол ишмерлери тосуп алды.

Блаттер «Гол-3» долбоорунун алкагында ФИФА менен биргеликте курулган жаңы футбол талаасынын ачылышына катышат. Ошондой эле журналисттер үчүн атайын маалымат жыйын өткөрмөкчү.

Бул Йозеф Блаттердин Кыргызстанга экинчи расмий сапары. Ал 2007-жылдын 31-мартында өлкөнүн ошол учурдагы президенти Курманбек Бакиев менен жолугуп, “Данакер” ордени менен сыйланган. Бул ирет дагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугары айтылууда. Былтыр Кыргызстанга УЕФАнын президенти Мишел Платини келип кеткен. (КМа)

XS
SM
MD
LG