Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Жалган маалымат боюнча мыйзам долбоору кайра иштелип чыгат


Бүгүн парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети жалган маалымат тараткан журналисттин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгууга жөнөттү. Мындай чечимге мыйзам долбоорундагы айрым такталбаган жагдайлар себеп болду.

Депутат Эристина Кочкарова иштеп чыккан мыйзам долбоорго ылайык, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, жалган маалымат тараткан журналистти бир жылга чейин камоо каралган. Бирок бул демилгени журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү сөз эркиндигин кысмакка алуу деп баалап, каршы чыккан. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG