Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Атамбаев ФИФА президентин кабыл алды


Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Эл аралык футбол ассоциациялар федерациясынын (ФИФА) президенти Йозеф Блаттерди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Атамбаев ФИФАнын мааниси жогору экенин белгилеп, кыргыз футболуна көргөзгөн колдоосуна ыраазылык билдирди.

Йозеф Блаттер Бишкекке кечээ кечинде келген. Ал «Гол-3» долбоорунун алкагында ФИФА менен биргеликте курулган жаңы футбол талаасынын ачылышына катышат. Ошондой эле журналисттер үчүн атайын маалымат жыйын өткөрмөкчү.(BkA)

XS
SM
MD
LG