Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:37

Кумтөргө байланыштуу митинг тарады


Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз райондук сотунун жанында Кумтөрдун экологиялык зыянын текшерүүнү талап кылгандардын митинги тарады. Аймактагы кабарчыбыз маалымдагандай, митингге чыккандар райондук соттун төрагасы Болот Эшебаев менен жолугуп, атайын кайрылуу тапшырышты. Сот төрагасы арыз кароонун жол-жобосун түшүндүрүп, алардын арызы Ысык-Көл облустук сотуна жиберилгенин маалымдады.

Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн келтирилүүчү зыян боюнча тургундар 14-февралда райондук сотко кайрылган. Митингчилер дал ушул териштирүү иштерин эртелетүүнү талап кылышкан болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG