Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

“Ата Мекен” өкмөт башчылыкка Оторбаевди көрсөтүүдө


Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Социал-демократтар фракциясынан коалицияга кирүү боюнча сунуш түшкөн. Бул сунушту фракция бүгүн өз жыйынында талкуулап, башкаруучу көпчүлүккө кирүү чечимин кабыл алды. “Атамекенчилер” коалициялык өкмөттүн башчылыгына Жоомарт Оторбаевди көрсөттү.

Учурда Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Аны куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев 20-март күнү КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Коалиция жаңы өкмөттүн курамын 11-апрелден кечиктербей бекитиши кажет. Турсунбеков буга чейин “Азаттыкка” коалициянын курамын үч же төрт фракциядан түзүү варианты каралып жатканын билдирген болчу.

Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы 18-мартта таркаган. Ага “Ата-Мекен” фракциясынын өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бул кызматты аркалоого моралдык-саясий укугу жок деген жүйө менен чыгып кетиши себеп болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG