Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Жалал-Абаддагы жыйын талаптарын айтты


Бүгүн Жалал-Абад шаарында аймактагы коомдук активисттер жана айрым жергиликтүү кеңеш депутаттары уюштурган жыйында сегиз талаптан турган резолюция кабыл алынды.

Кабарчыбыздын айтымында, жыйындын катышуучулары Бажы биримдигине кирүү маселесин жалпы элдик референдумга чыгарууну, Чек ара кызматын өлкөнүн түштүк аймагына көчүрүүнү, коңшулар менен чек араны тез арада тактоону, "жаңы жана жаш муундан турган эл ишениминдеги" өкмөт түзүүнү талап кылды. Ошондой эле алар КСДП партиясынын өкмөт куроого моралдык укугу жок экенин айтып, президент Алмазбек Атамбаевди "коррупцияга каршы күрөш деген шылтоо менен саясый оппонентерге куугунтукту токтотууну" талап кылды.

7-апрель, Ош, Жалал-Абад окуялары боюнча соттук териштирүүлөрдүн тез арада аягына чыгуусун талап кылуу менен катар "КТР, ЭлТР жана 5-канал маалыматты элге туура жана так берсин" деген да талаптар коюлду.

Мунун баары аткарылбаса уюштуруу тобуна тез арада бир партиянын кызыкчылыгын көздөбөгөн саясый кыймыл түзүп иш алып баруу тапшырмасы берилип, азыркы бийликтин отставкасы үчүн ар кандай мөөнөтсүз акциялар уюштурулаары айтылды.

Ал эми облустук бийлик социалдык-экономикалык багытта иш жүрүп жатканын, чек араны атайын комиссия тактаарын, улам дестабилизация боло берсе мамлекеттүүлүккө шек туулаарын айтууда.(YA)

XS
SM
MD
LG