Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Баткенде милицияга арызданган журналист УКМКга кайрылды


Баткен облустук телерадиокомпаниясынын операторлору Милан Садыкжан уулу жана Азат Курбанбеков милициянын үстүнөн арызданып УКМКга кайрылды. Алар Кадамжайда Нооруз майрамына арналган салтанатты тасмага тартуу учурунда милиция кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылганын айтып жатат.

Арыздануучулардын билдиришинче, күч кызматкерлери салтанатка көз салып турган милиция өкүлдөрүн видеого тартууга тыюу салган. Ортодо чыр чыгып, 5-6 милиционер телеоператорлорго күч колдонгон.

Телекызматкерлер менен чырлашкан тартип коргоочулар Кадамжай райондук Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү экени айтылууда. Азырынча алардан комментарий алганга мүмкүн болгон жок. (JsA)

XS
SM
MD
LG