Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

Кыргызстанда Бурятский тобу экстремисттик деп табылды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Орусиядагы Саид Бурятский деген каймана ат менен таанылган Александр Тихомировдун кылмыштуу тобун экстремисттик деп тааныды. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты. Мындан соң Бурятскийдин пропагандалык материалдарын таратууга тыюу салынат. Мындай материалдарды таратууга аракет кылган адамдар кылмыш жообуна тартылмакчы.

Александр Тихомиров Орусияда кылмыштуу топ түзгөн. Ал Кавказда жасалган бир нече террордук чабуулга тиешеси бар деп шектелип келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG