Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Ташкент Крым кризисин тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды


Өзбекстан Киев менен Москваны Крым чатагын сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөдү. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө расмий Ташкент "эл аралык араздашуу бир гана тынчтык жолу менен чечилиши керек" деп үн катты. Өзбекстан ошондой эле "өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана көз карандысыздыгына күч колдонуудан оолак болуу керек" деген позициясын билдирди.

XS
SM
MD
LG