Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Акыйкатчынын кыйноого каршы арызы сотто каралат


Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин арызын карайт. Бул тууралуу акыйкатчынын аппаратынан кабарлашты. Аманбаев Башкы прокуратура кыйноо фактысы боюнча иликтөөнү токтоткону мыйзамсыз деп сотко кайрылган болчу. Тагыраак айтканда, ал былтыр Караколдогу митинг учурунда кармалган Наристе Калчаев милициянын кыйноосуна кабылганын, бирок бул факт боюнча козголгон кылмыш иш мыйзамсыз токтотулганын айтууда.

Былтыр 7-октябрда Караколдо Кумтөргө каршы уюштурулган митинг башаламандык жана өкмөттүн өкүлүн барымтага алуу менен коштолгонуна байланыштуу бир нече адам кармалган. Алардын сегизинин үстүнөн сот жараяны уланууда. Бирок соттолуучулар 7-октябрдагы окуяны бийлик тарабынан уюштурулган чагым деп атоодо. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG