Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

"Люстрация" кыймылы митингге чыкты


Жогорку Кеңештин жанында "Люстрация" уюму митинг өткөрүүдө. Колдоруна "Люстрация мыйзамы тез арада кабыл алынсын" деген плакат көтөргөн 30га чукул киши жаңы өкмөт түзүүдө фракциялардын министрликтерди өз ара бөлүп алуусун токтотууну да талап кылууда.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Бакытбек Карымшаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, люстрация аркылуу "мурда таза эмес иштеген адамдарды саясатка, бийликке аралаштырбоо керек". Уюмдун мүчөлөрү эгер бул талаптар аткарылбаса митинг уланарын билдирүүдө.

Кыргызстанда 2010-жылдын Апрель окуясынан кийин “Люстрация жөнүндө” мыйзамдын зарылдыгы айтылып, бирок ал кабыл алынган эмес. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG