Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Турсунбеков: Үч фракция коалицияга кирүү ниетин билдирди


“Ата Мекен”, “Ар-Намыс” жана “Ата-Журт” фракциялары коалицияга кирүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков маалымдады. Анын айтымында, учурда бардык фракциялар боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы жүрүп жатат. Анда өкмөт башчы жана өкмөт курамы тууралуу сөз болууда. Эгер фракциялар ортосунда орток пикир табылса, коалициялык келишимге кол коюлушу мүмкүн.

Коалицияны куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев 20-март күнү Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. "Ырыс алды - ынтымак" коалициясы “Ата Мекен” фракциясы көпчүлүктөн чыгуу чечиминен улам 18-мартта тараган.

Шейшембиде “Ата Мекен” фракциясы коалицияга кирүү тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министрлик кызматка Жоомарт Оторбаевди көрсөткөн.
“Республика” болсо бүгүн коалиция боюнча жабык жыйын өткөрүп жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG