Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Социал-демократтардын премьерликке талапкери жок


Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, парламенттеги фракциялардын коалиция боюнча позициялары белгилүү болуп калды. “Ата Мекен” коалицияга кирүү ниетин билдирип, өкмөт башчылыкка Жоомарт Оторбаевди көрсөтүүдө. “Ар-Намыс” талапкер боюнча позициясын тактап жатат. “Республика” болсо өз талапкери бар экенин айтып, премьер-министрди тандоодо жумшак рейтинг өткөрүүнү сунуштоодо. Ал эми Социал-демократтар өкмөт башчылыкка өз талапкерин көрсөтпөй турганын Турсунбеков кошумчалады. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG