Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Бакиевдердин үстүнөн сот уланып жатат


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Оксус” компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге кол салуу боюнча сот уланууда. Бүгүнкү жараян жабык өтүп жатат. Кол салууну уюштурган деп мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын уулдары Максим, Марат жана иниси Жаныш айыпталууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2005-жылы “Оксус” компаниясы Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү лизенциясын алган. Бирок ошол учурдагы президенттин уулу Максим Бакиев аталган кенден өзүнө пайда табууга аракет кылып, лизенцияны башка компанияга алып берүүгө далалат кылган. Муну ишке ашырууга тоскоол болгон “Оксус” компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин көзүн тазалоого буйрук берген. 2006-жылдын 7-июлунда кол салуу болуп, Дейли оор жараат алган. Максим Бакиевге ошол кездеги УКМКнын төрага орун басары Жаныш Бакиев жана агасы Марат Бакиев көмөктөшкөн деп шектелүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG