Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Жалал-Абадда ИИМдин аскер бөлүгүнөн ок-дары табылды


Окуяга байланыштуу УКМКнын басма сөз кызматы "Кылмыш кодексинин" 241-беренеси боюнча иш козголгонун жана тергөө жүрүп жатканын билдирди. УКМК менен Жалал-Абад шаардык гарнизонунун аскер прокуратурасы жүргүзгөн текшерүү учурунда ИИМге караштуу аскер бөлүгүнүн отун-көмүр сакталуучу жайынын чатырынан ири өлчөмдөгү ок-дары табылды. Анын ичинде ири калибрлүү 361 даана ок, 7,62 жана 5,45 калибрлүү 1742 даана патрон, ОГ-9 түрүндөгү гранатометтун 5 даана заряды бар экени кабарланууда. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG