Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Түркия соту Твиттерге тыюуну алып салууну буйруду


Түркияда сот Твиттер социалдык түйүнүнө салынган тыюуну алып салуу чечимин чыгарды. Тыюу 5 күн мурун телекоммуникация мекемеси тарабынан киргизилген. Мекеме жетекчилиги Твиттер соттун чечимине баш ийбей койгон деп айыптаган.

Анын алдында премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Твиттерди түп тамыры менен жок кылаарын эскреткен. Бир нече апта мурун түйүндө өкмөттөгү коррупциядан кабар берген телефон сүйлөшүүлөрүнөн үзүндүлөр жарыяланган эле.

Укук коргоочулар, юристтер жана оппозициялык партиялар сотту дароо тыюу салуу чечимин жокко чыгарууга үндөшкөн. А түгүл президент Абдулла Гүлдүн
баласы да Твиттерде өзүнүн каршылыгын жазган.

XS
SM
MD
LG