Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:48

Обама: Европаны жактагандар анын коопсуздугу үчүн бириктик


Барак Обама Брюсселде, 26-март, 2014-жыл

Барак Обама Брюсселде, 26-март, 2014-жыл

АКШ президенти Барак Обама Брюсселдеги Евробиримдиктин баш кеңсесинде туруп, Орусиянын Украинага карата аракеттери бир гана өлкөгө жасалбаганын айтып, "Европага жана биз жашаган дүйнөгө карата жасалган аракеттер” – деп билдирди.

“Биз, Европаны жактагандар анын коопсуздугу үчүн бириктик” деген президент Орусияга каршы киргизилген санкциялар “Кансыз согуш” аяктагандан берки эң салмактуу санкция экенин белгиледи.

"Эгер Орусиянын жетекчилигинен кимдир бирөө Украинада эмне жасап жатышканына маани бербесе, же Кошмо Штаттар менен Европанын ортосунда ажырым жаратам десе, алардын ою ишке ашкан жок" - деген Обама эгерде Орусия азыркы жүрүшүн уланта берсе, санкциялар дагы көбөйтүлүп, анын "залалы Орусиянын экономикасына тийерин" эскертти.

Обама мындай билдирүүнү Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануел Барозу жана Европа Биримдигинин президенти Герман Ван Ромпей менен жолуккандан кийин жасады.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG