Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Евразия экономикалык шериктештиги боюнча келишим быша элек


Бул тууралуу шаршембиде орус өкмөтүнүн биринчи вице-премьери Игорь Шувалов билдирди. Ал Мамлекеттик Думада сүйлөгөн учурунда белгилегендей, Орусия, Беларус жана Казакстандын мунай менен газ жаатында эркин соода боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишине дагы убакыт бар. Шувалов кошумчалагандай, бул өлкөлөр мунай, газ, алкогол, тамеки, дары-дармек боюнча чектөөнү дагы бир нече жылга сактап калууга артыкчылык берүүдө. Москванын буга чейинки планы боюнча Бажы биримдигине кирген үч өлкө ушул майда Евразия экономикалык шериктештигин түзүүнү караган макулдашууга кол коюшу керек. Ал эми уюм өзү 2015-жылдан тарта иштей башташы абзел.

XS
SM
MD
LG