Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Бишкекте Эл артисти Думанаевди колдогон пикет өтөт


Кыргыз Эл артисти Чоро Думанаевге үй берилишин талап кылып жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкек мэриясынын жанында пикет өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токтонасыров өзү кабарлады.

Акция 27-март – эл аралык Театр күнүнө карата атайын уюштурулууда. Активист бул аракети менен 40 жылдан бери театрда иштесе да үй ала албай бала-чакасы менен бир бөлмө жатаканада жашап жүргөн эл артистине бийликтин көңүлүн бурдурмакчы. Пикет саат 11де башталат.

Чоро Думанаев жатаканада жашап, кыйналып жүргөнүн буга чейин да жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айткан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG