Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Өкмөт башчыны жумшак рейтинг менен тандоо сунушталууда


Мындай сунуш менен “Республика” фракциясынын депутаты Роза Акназарова чыкты. Анын айтымында, көпчүлүк коалицияны түзүүдө бардык жоопкерчиликти Жогорку Кеңеш алат. "Андыктан өкмөт башчы жумшак рейтинг менен тандалышы зарыл. Мындай жол татыктуу өкмөт башчыны тандоого мүмкүнчүлүк түзөт" деди депутат.

Учурда Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Аны куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев 20-март күнү Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Турсунбеков буга чейин “Азаттыкка” коалицияны үч же төрт фракциядан түзүү варианты каралып жатканын билдирген болчу. “Ата Мекен” фракциясы коалицияга кирүү чечимин кабыл алып, премьер-министрлик кызматка Жоомарт Оторбаевди көрсөткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG