Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Кыргызстан менен БАЭ укуктук кызматташтыгы бекемделет


Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары укуктук жактан кызматташуу тууралуу документке кол койгону жатат. Бул боюнча сүйлөшүү 25-мартта Абу-Дабиде өткөнүн бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Экстрадиция, кылмыш жана жарандык иштер боюнча укуктук кызматташтык тууралуу макулдашуу ички процедуралар аяктагандан кийин кабыл алынат.

Бүгүнкү күндө, расмий маалымат боюнча, Бириккен Араб Эмираттарынын түрмөлөрүндө жети кыргызстандык камакта жатат. Алардын бешөө Дубайда, экөө Расл-Хайма жана Ажман эмираттарында. Жакында Кыргызстандын башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев жергилкитүү жаза аткаруу мекемелеринин жетекчилиги менен жолугуп, камактагы кыргызстандыктардын ал-абалы менен таанышып чыккан болчу.

Өткөн жылы кыргыз дипломаттарынын жардамы менен бул өлкөдө камакка түшүп калган тогуз киши бошотулуп, төртөө мекенине жөнөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG