Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Электр баасын көтөрүү талкууга коюлат


Кыргызстанда электр энергиясына бааны көтөрүү боюнча документ иштелип чыгууда. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров билдирди. Анын айтымында, долбоор май айында коомчулуктун талкуусуна чыгарылат. Ага ылайык, тарифти айына электр энергиясын 600 кВттан жогору сарптагандарга көтөрүү каралып жатат.

Кыргызстанда электр энергиясына тариф төмөн экени көптөн бери айтылып келет. Америкалык ЮСАИД уюмунун жардамы менен Кыргызстандын электр энергиясынын өздүк наркы эсептелип чыккан. Жыйынтыгында тариф 1 сомдон бир аз ашкан күндө да тармак оор абалдан чыга албасы белгиленген. Баа кеминде 2 сомго жеткирилсе, кошумча 10 млрд 400 млн сом түшүп, энергетика тармагынын өнүгүүсүнө шарт түзүлөт деп айтылган. Электр энергиясы азыр калкка 70 тыйындан сатылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG