Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Эл аралык валюта фонду Украинага ири насыя берет


Эл аралык валюта фонду Украинага 14-18 миллиард доллар насыя берүү тууралуу макулдашылганын билдирди. Фонддун Украинадагы миссиясынын жетекчиси Николай Георгиевдин айтымында, эмки эки жыл ичинде өлкөгө берилчү кредиттердин жалпы суммасы 27 миллиард долларга жетмекчи.

Делегациянын Киевдеги сапары учурунда жумушчу топтор ортосунда экономикалык реформа программасы тууралуу макулдашылды. Эки жылга мерчемделген реформалар Валюта фондунун көмөгү менен жүргүзүлөт.

Фонддун билдирүүсүндө белгиленгендей, Украинада бир нече айга созулган экономикалык жана саясый олку-солкулуктан кийин салыштырмалуу стабилдүүлүк орноду, бирок алдыда дагы көп проблема чечүүгө туура келет.

Макулдашууларды эми фонддун аткаруучу кеңеши бекитүүгө тийиш. Анын мүчөлөрү апрелде Киевге барат деп күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG