Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Тимошенко президенттик жарышка катышат


Юлия Тимошенко маалымат жыйында. Киев, 27-март, 2014-жыл
Юлия Тимошенко маалымат жыйында. Киев, 27-март, 2014-жыл
Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко президенттикке ат салышууну көздөгөнүн жарыялады. Бул тууралуу ал бүгүн Киевде өткөн пресс-конференцияда айтты. Февралда мамлекет башчы Виктор Янукович бийликтен кулатылгандан кийин парламент президенттик шайлоо 25-майга белгилеген. Талапкерлер 4-апрелге чейин каттоодон өтүүгө тийиш. Кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып менен 7-жылга кесилген Тимошенко элдик толкундоолордун жыйынтыгында бошотулган. Ал эки жолу өкмөттү жетектеген жана 2010-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, Виктор Януковичтен жеңилген.

XS
SM
MD
LG