Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

БУУ Крымдын Украинадан ажырашын мыйзамсыз деп атады


БУУнун Башкы ассамблеясындагы добуш берүү, 27-март, 2014-жыл
БУУнун Башкы ассамблеясындагы добуш берүү, 27-март, 2014-жыл
Улуттар уюму Крымдын Украинадан ажырашын мыйзамсыз деп жарыялады. БУУнун Башкы ассамблеясындагы добуш берүүдө Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон резолюция долбоорун жүз өлкө жактады, 58 өлкө калыс калды, 11 өлкө каршы болду.

Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сессияга катышканы менен добуш берген жок. Казакстан менен Өзбекстан болсо калыс добуш берди.

БУУнун Башкы ассамблеясы көпчүлүк добуш менен жактырган резолюция дүйнө өлкөлөрүн 16-марттагы референдумдун жыйынтыгында Крымдын Орусияга кошулуусун тааныбоого чакырат.

Бул сунушка каршы Орусиянын өзүнөн башка 10 гана өлкө каршы болду.

Алар КМШдан Армения менен Беларус, Москванын Латын Америкасындагы өнөктөштөрүнөн Венесуэла, Куба, Боливия, Никарагуа, араб дүйнөсүнөн Сирия, Африкадан Судан, Зимбабве, Мавритания жанаТүндүк Корея каршы чыкты. (UE)

XS
SM
MD
LG