Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Түркияда YouTube сайтын жабуу чаралары көрүлүүдө


Түркиянын телекоммуникация департаменти бейшемиде YouTube сайтын жабуу боюнча чечим кабыл алды. Мекеме бул кадамды “административдик чара” деп сыпаттады. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратылган кабарда YouTube улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген сайттардын катарында экени айтылды.

Бир жума мурун мамлекетте Twitter социалдык тармагы жабылган. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган аны түп тамыры менен жок кылаарын эскерткен. Бир нече апта мурун интернетте өкмөттөгү коррупциядан кабар берген телефон сүйлөшүүлөрүнөн үзүндүлөр жарыяланган эле.

XS
SM
MD
LG