Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:34

Мыйзамсыз сатылып кеткен ооруканалар текшерилет


Жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен оорукана имараттары менен жер тилкелери сот аркылуу кайра алынып, аларды сатып алгандарга карата кылмыш иш козголот. Жогорку Кеңеште бейшемби күнү бул боюнча атайын токтом кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлайт. Мыйзамсыз сатылып кеткен оорукана жана бейтапканалар боюнча иликтөөнү Мамлекеттик мүлк фонду жүргүзөт.

1990-жылы Кыргызстанда 307 медициналык мекеме иштеген болсо, учурда 117 оорукана калды. Депутат Дамира Ниязалиева парламентте билдиргендей, 20 жыл мурун өлкө аймагындагы бейтапканаларда 42 миң орун болсо, азыр 27 700 эле оорулууну кабыл алганга мүмкүнчүлүк бар.

Жыл сайын төрөт көбөйүп баратканы менен төрөтканалардын саны өспөй келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG