Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмү иликтенүүдө


Милициянын божомолуна ылайык, спортчунун унаасы атайын жардырылган. Жардыргыч зат Руслан Абасов отурган отургучтун алдына орнотулганы кабарланууда.

Абасовго таандык Лексус GX 470 машинеси 27-март күнү кечке жуук Кыргызстандын Токмок шаарында өрттөлүп, спортчу жана жубайы оор жараат алганы кабарланган эле. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Абасов окуядан аз өтпөй каза болгон. Жубайы учурда ооруканада жатат.

Иликтөө иштери уланууда. Маалыматка ылайык, окуя кылмыштуу топтор тарабынан атайын жасалган болушу мүмкүн.

Белгилүү кыргыз спортчусу Руслан Абасов кикбоксинг боюнча 2005-жылы WBKF версиясында дүйнө чемпиону, 2007-жылы Евразия чемпиону болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG