Социал-демократтар фракциясы парламенттеги коалицияны түзүү боюнча маселени талкуулап жатат. Жыйында премьер-министрликке талапкерлиги “Ата Мекен” фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Жоомарт Оторбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат. Оторбаев өкмөт башчы болуп калса кадр маселесине өзгөчө көңүл бурарын билдирди.
Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү уланып жатканын, жыйынтыгы бир-эки күн ичинде билинип каларын айтты. Анын билдиришинче, сүйлөшүлгөн фракциялар ичинен “Ата Мекен” гана өзүнүн так позициясын билдирди. Калгандар менен позициялар такталууда.
Коалицияны куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев 20-мартта Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Буга чейинки “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы 18-мартта альянстан “Ата Мекен” фракциясы чыгып кеткен соң тараган. (BkA/ZB)