Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Руслан Абасовдун өлүмү боюнча кылмыш иш козголду


Белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө байланыштуу "Кылмыш кодексинин" “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча иш козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Айбек Арзыматов кабарлады. Атайын тергөө тобу түзүлүп, окуяны иликтеп жатат. Учурда Абасовдун унаасын жардырган затты аныктоо үчүн атайын экспертиза жүрүүдө. Тергөө бул окуяга кылмыш топтору аралыш болушу мүмкүн деген версияны да карап жатат. Арзыматов кошумчалагандай, унаа жарылган учурда Абасовдун жанында болгон жубайынын абалы жакшы. Ал ооруканадан үйүнө чыгарылды.

Абасовго таандык Лексус GX 470 машинеси 27-март күнү кечке жуук Токмок шаарында жардырылган. Абасов кикбоксинг боюнча 2005-жылы WBKF версиясында дүйнө чемпиону, 2007-жылы Евразия чемпиону болгон. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG