Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:58

Орусия БУУну Украина боюнча резолюция үчүн айыптады


Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Башкы Ассамблеядагы добуш берүүдөн кийин залдан чыгып баратат, Нью-Йорк, 27-март, 2014.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Башкы Ассамблеядагы добуш берүүдөн кийин залдан чыгып баратат, Нью-Йорк, 27-март, 2014.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын “Украинанын аймактык бүтүндүгү жөнүндө” резолюцияны кабыл алышын айыптаган билдирүүнү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги таратты.

Министрликтин сайтында бүгүн жарыяланган билдирүүдө “Кечээги резолюция “тескери натыйжа” берээри, “Украинадагы саясий кризисти жөнгө салууну татаалдаштырып салаары” айтылат. Орусиянын ишениминде, “Батыштагы айрым мамлекеттер Украинанын ички иштерине өтө эле кийлигишип жатканы мыйзамдуулуктун бузулушуна, адам укуктарынын массалык түрдө бузулушуна алып келди”. Билдирүүдө айтылгандай, Улуттар Уюму бул резолюцияны кабыл алуу менен “бүт күнөөнү Орусияга жүктөөгө далалат кылды”.

Документ 100 добуш менен жактырылган, 11 өлкө ага каршы экенин, 58и калыс калаарын айткан. Башкы Ассамблеянын резолюциясы “сөзсүз аткарылууга тийиш” деген күчкө ээ эмес, бирок дүйнөдөгү жалпы пикирди билдирет деп таанылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG