Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Азербайжан чек арада эки кишини армян аскерлери атты деп айыптады


Илхам Алиев менен Серж Саргсян Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында, Минск, 25-октябрь, 2013

Илхам Алиев менен Серж Саргсян Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында, Минск, 25-октябрь, 2013

Азербайжан чек арада армян аскерлеринин колунан эки киши жараат алды деп расмий Ереванды айыптады. Азербайжандын Коргоо министрлиги бүгүнкү билдирүүсүндө Армения менен чек арада жайгашкан Алибейли айылына армян аскерлери ок атканын, бир жайкын тургун менен бир чек арачы жараат алганын билдирди. Кабарга караганда, окуя ушул эле күнү эртең менен болгон. Алар экөө тең ооруканага жаткырылганы айтылат.

Соңку инцидент Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын мамлекет башчысы Серж Саргсян Гаагада тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөргөндөн бир нече күндөн кийин болду. Азербайжандын армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак региону 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин бөлүнүп кеткен. Азербайжан менен Армениянын ортосунда ошондон бери уланып келаткан конфликтти чечүүгө көрүлүп жаткан аракет азырынча жыйынтык бере элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG