Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Мамытов: Ак-Сай – Көк-Таш жолуна тоннел салууга каражат жок


Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" коопсуздук боюнча вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, Баткендеги Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай – Тамдык – Көк-Таш унаа жолун улантуу үчүн тоннел куруу демилгеси айтылган. Болжол менен 300 метрлик тоннелди курууга 180 миллион сомдой каражат сарпталат. Бирок өкмөттө мындай каражат жок. Ошондуктан мурда башталган жолдун курулушун улантуу каралууда.

Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушу өткөн жылдын декабрында башталган. Коңшу тажикстандыктар ага каршы экенин билдирип келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG