Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:16

Янукович: Украина региондору боюнча референдум өткөрүү керек


В.Янукович бийликтен кулатылгандан кийин Ростов-на-Дону шаарында өткөргөн маалымат жыйынынан кийин, 11-март, 2014

В.Янукович бийликтен кулатылгандан кийин Ростов-на-Дону шаарында өткөргөн маалымат жыйынынан кийин, 11-март, 2014

Президенттиктен четтетилген Виктор Янукович Украинада “ар бир региондун статусун аныктай турган” референдум өткөрүүгө үндөдү. Орусиядагы ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги бүгүн Януковичтин украин элине кайрылуусу айтылган кол жазмасы редакцияга түшкөнүн кабарлады.

Янукович өлкөдөн февралда чыгып кеткен, ошондон бери Орусияда жашайт. Расмий Москва аны Украинанын легитимдүү президенти деп билет. Виктор Янукович Украинада майда өтө турган президенттик шайлоо кырдаалды курчутаарын, азыр жалпы улуттук референдум гана Украинанын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн сактап калаарын жазган.

Ал дагы бир жолу Украинадагы жаңы бийликти “мыйзамсыз” деп атап, кырдаал “анархияга” окшоп баратканын айтканы кабарланууда. Янукович өзүнүн "Региондор партиясына" да кайрылып, аны партиядан чыгарып салууну сураган делет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG