Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Пакистанда ислам үчүн айыпталган христиан киши өлүм жазасына кесилди


Пакистанда “исламга акаарат келтирди” деп айыпталган христиан киши өлүм жазасына кесилди. Былтыр нааразылык жараткан окуя боюнча бүгүн Лахордогу сот өкүмүн чыгарып, христиан дининдеги пакистандык кишини өлүм жазасына кести. Саван Масихге өкүмдү сот кечээ түрмөдө эле чыгарган, анткени аны сот залына алып барышса жолдо бирөө-жарым кол салышы мүмкүн дешкен.

Бир мусулман киши аны "Мухаммед пайгамбар жөнүндө жаман сөздөрдү айтты" деп былтыр мартта айыптаган. Полиция Масихти камагандан кийин ал жашаган аймактагы башка христиандардын үйлөрүнө белгисиз топтор кол салып, үйлөрүн өрттөшкөн эле. Жүздөгөн христиандар ал жактан көчүп кетип, кийинчерээк кайра келишкени, айрымдары үйлөрүн оңдогону кабарланган.

"Аллаага акаарат келтирүү”, Пакистан мыйзамдарына ылайык, өлүм менен жазаланат. Ошентсе да, азырынча өлкөдө бир да адам бул үчүн дарга асыла элек.

XS
SM
MD
LG