Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Пакистандык жазуучу Ахмед Рашид Бишкекте дарс окуйт


Пакистандык журналист Ахмед Рашид.

Пакистандык журналист Ахмед Рашид.

Ахмед Рашид Кыргызстанга “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун чакыруусу менен келген. Аталган фонддон кабарлашкандай, жазуучу Discover Asia долбоорунун алкагында бүгүндөн тарта Бишкекте Борбор Азия, Ооганстан аймагындагы коопсуздук маселелери боюнча дарс окуп, жолугушууларды өткөрөт.

Ахмед Рашид жыйырма жылдан ашык Daily Telegraph жана Far Eastern Economic Review маалымат каражаттарынжа Ооганстандагы, Пакистандагы жана Борбордук Азиядагы кабарчысы болуп эмгектенген белгилүү журналист жана жазуучу. Ал 2009-2010-жылдары Foreign policy журналы тарабынан дүйнөдөгү 100 ойчулдун тизмесине кирген.

Discover Asia - Азиядагы мыкты өнүгүп келаткан өлкөлөрдун тажрыйбасы менен Кыргызстанды тааныштыруу максатын көздөгөн демилге. Анын алкагында буга чейин Бангладеш, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Индия жана Жапонияга арналган жолугушуулар уюштурулган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG