Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Бишкекте мас милиционер жол кырсыгына кабылды


Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык өткөн түнү борбордун Шабдан баатыр жана Горький көчөлөрүндө катталган. Анда Биринчи май райондук милициясынын кызматкери мас абалында унаасын башкара албай, май куюучу жайды сүзгөн. Кырсыктан май куюучу жайдын кызматкери жана ал жерде май куюп жаткан башка айдоочу жабыркаган. Алар ооруканага жаткырылды. Бул боюнча учурда иликтөө иштери башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG