Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Таиландда өкмөткө каршы жүрүшкө миңдеген адам чыкты


Борбор Бангкоктун көчөлөрүнө чыккан демонстранттар саясий реформаларды талап кылышты. Таиландда азыркы өкмөт башчы Йинглак Шинаватранын өкмөтүнө каршы нааразылык акциялар былтыр ноябрдан бери эле өтүп келет.

Өлкө 2006-жылдан бери саясий кризистин туткунунда. Анда азыркы премьердин бир тууган агасы Таксин Шинаватра коррупция боюнча айыпталып, бийликтен төңкөрүш жолу менен кулатылган.

Акыркы беш ай ичинде демонстранттар бир нече жолу мамлекеттик кеңселерди да камалашты. Ноябрдан берки кагылыштарда кеминде 23 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG