Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Кикбоксчу Руслан Абасов жерге берилди


Бүгүн белгилүү кикбоксчу, дүйнө чемпиону Руслан Абасов жерге берилди. Спортчунун тажиясы Токмок шаарында өтүп, анын сөөгү өзү туулган Калинов айылына коюлду. Абасовду акыркы сапарга узатууга спортчулар, күйөрмандары, Токмоктун тургундары катышты.

Руслан Абасов 27-мартта каза болгон эле. Абасов айдап бараткан “Тойота Лендкрузер” маркасындагы унаа жарылып, спортчу алган жаракатынан ооруканада каза тапкан. Алдын-ала маалымат боюнча, жардыргыч зат айдоочу отурган орундуктун астына коюлган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. (BkA/KMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG