Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:37

Виталий Кличко президенттик жарыштан чыкты


Франция -- Виталий Кличко менен Петр Порошенко журналисттердин алдында. Париж, 7-март, 2014

Франция -- Виталий Кличко менен Петр Порошенко журналисттердин алдында. Париж, 7-март, 2014

Украинадагы УДАР партиясынын лидери жана саясатка бокстан келген Виталий Кличко бул тууралуу бүгүн партиянын Киевдеги курултайында жарыялады. Ал миллиардер ишкер Петр Порошенконун талапкерлигин колдоорун билдирди.

Кличконун айтымында, азыр Порошенкого коомдук колдоо чоң. Ал президенттик шайлоого барарын кечээ кечинде жарыялаган.

Украинадагы кезексиз президенттик шайлоо 25-майда өтөт. Талапкерлер 4-апрелге чейин катталуусу абзел.

Президенттик жарышка аттанарын буга чейин мурдагы премьер Юлия Тимошенко да жарыялаган. ( UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG