Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21
Azattyk Twitter

Украинада президенттикке талапкерлер көргөзүлдү


Президенттикке талапкер украин миллиардери Петр Порошенко.
Президенттикке талапкер украин миллиардери Петр Порошенко.
Украинадагы президенттикке талапкердикке “УДАР” партиясынан мурда айтылгандай партия лидери Виталий Кличко эмес, миллиардер жана ишкер Петр Порошенко сунушталды.

Өзү президенттикке эмес, Киевдин мэрлик кызматы үчүн ат салыша тургандыгын ачыктаган Кличко бул чечимди Порошенкого азыр коомдук колдоо кыйла күчтүү экендигине байланыштуу жасашканын айтты:

- Украинанын кызыкчылыгынан улам, анын биримдигин сактоо үчүн, демократиялык күчтөрдүн атынан бирдиктүү талапкер катары Петр Порошенкону колдоого чакырам.

"Батькивщина" партиясы бүгүнкү курултайында президенттикке талапкер кылып өз лидери, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко айымды сунуштады.

Бийликтен кулатылган мурдагы президент Виктор Януковичтин “Региондор” партиясында Харьков облусунун мурдагы губернатору Михаил Добкиндин талапкерлиги колдоо тапты.

Янукович өзү бүгүн партия мүчөлүгүнөн чыгарылды.

Улутчул “Эркиндик” партиясы да курултай өткөрүп, президенттикке өз лидери Олег Тягнибоктун талапкердигин сунуштады.

Украинадагы кезексиз президенттик шайлоо быйыл 25–майда өтөт.
Талапкерлер 4-апрелге чейин расмий катталуусу абзел. ( UE)
XS
SM
MD
LG