Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Түркияда чечүүчү жергиликтүү шайлоо өтүүдө


Республикалык Элдик партиянын Стамбул мэринин кызматына талапкери Мустафа Сарыгул (оңдо).

Республикалык Элдик партиянын Стамбул мэринин кызматына талапкери Мустафа Сарыгул (оңдо).

Бүгүнкү шайлоо премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен анын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы үчүн сыноо катары да каралууда. Добуш берүүнүн жыйынтыгында ири жана майда шаарлардагы бийлик кайсыл саясий күчтүн колуна тийери аныкталмакчы.

Шайлоодо алты партия ат салышууда. Маселен, Анкара менен Стамбулда Эрдогандын партиясынан бийлик тизгинин оппозициядагы башкы уюм – Республикалык Элдик партия талашып жатат.

Шайлоо бийликтеги партиянын беделине көлөкө түшүргөн, айрым өкмөт мүчөлөрүнүн катышы бар коррупциялык иштер ачыкка чыгып кеткенден кийин өтүүдө. Шайлоону утурлай түрк бийликтери интернеттеги YouTube сайтын жана Twitter социалдык түйүнүн тосмолоп салышты жана алардын бул кадамы эл аралык сынга кабылды.

Түркияда добуш берүүгө укуктуулардын саны - 52 миллион. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG