Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Түндүк Корея өзөктүк сынакка барышы мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн Түндүк Кореянын өкмөттүк маалымат агенттиги тышкы иштер министрлигине шилтеме жасап кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, сыноо өлкөнүн “өзөктүк токтотуу кубатын чыңдоону” максат кылат.

Мындай жарыя коңшу Түштүк Корея президентинин эки күн мурдагы сунушунун артынан жасалып олтурат.

Анда Пак Кын Хе Түндүк Корея өзөктүк программасынан баш тарткан шартта ага кеңири масштабда экономикалык жардам көргөзүүнү сунуш кылган эле.

Түндүк Кореянын аракеттери боюнча камтамачылык өткөн шаршембиден тарта кайра күчөдү.

АКШ президенти Обама Гаага шаарында Түштүк Корея – Жапония саммитин өткөрүшүнө жооп кылып, Пхеньян орто аралыкка мерчемделген эки баллистикалык ракетасын учурган.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын бул кадамын айыптады. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG