Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Инди океанынан табылган нерселер малайзиялык учактыкы эмес


Инди океандагы издөө иштери. 25-март, 2014-жыл.

Инди океандагы издөө иштери. 25-март, 2014-жыл.

Бул тууралуу бүгүн Австралиянын бийликтери кабарлады. Алардын айтымында, кечээ Кытайдын жана Австралиянын кемелери океандан алып чыккан нерселер балык уулооодо керектелүүчү материалдар же таштанды болуп чыкты. 1850 чакырым аралыктагы издөө иштерине учурда Австралия, Жапония, Кытай, Корея, АКШ, Малайзиянын ондой учагы тартылууда.

Ушул шейшемби күнү издөө жүрүп жаткан аймакка жоголгон учактын “кара кутусун” издөөчү атайын жабдуу жеткирилгени жатат. Адистердин айтымында, “кара кутуну” 7-апрелге чейин табуу керек. Анткени 7-апрелден кийин анын батареялары өчүп калат.

Малайзиянын ичинде 239 адамы бар “Боинг -777” учагы Куала-Лумпурдан Бээжинге бара жаткан жолдо, 8-мартта жоголгон.

Апта башында Малайзия бийликтери учак Индия океанынын түштүгүндө кыйрады деген тыянакка келишкенин жарыялашкан. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG