Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Пакистандык жазуучу Улуттук университетте дарс окуйт


Ахмед Рашид, пакистандык жазуучу жана журналист, Кыргызстандагы сапары маалында. Бишкек шаары, Кыргызстан. "Азаттык" үналгысы. 31.3.2014. TCh.

Ахмед Рашид, пакистандык жазуучу жана журналист, Кыргызстандагы сапары маалында. Бишкек шаары, Кыргызстан. "Азаттык" үналгысы. 31.3.2014. TCh.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун чакыруусу менен Кыргызстанга келген пакистандык белгилүү жазуучу жана журналист Ахмед Рашид 31-мартта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Борбор Азия, Пакистан жана Ооганстандагы коопсуздук жана туруктуулук маселелери боюнча дарс окуйт.

Ахмед Рашид азыркы учурда Wall Street Journal, The Nation жана башка ар кыл, анын ичинде илимий журналдар үчүн макала жазат. CNN жана BBC World эфиринде дайыма чыгып турат.

2009-2010-жылдары Ахмед Рашид Foreign policy журналынын дүйнөдөгү 100 ойчулдарынын тизмесине кирген.

Ахмед Рашид Кыргызстандагы бул жолку сапары маалында Ош шаарына, Сулайман-Тоого да саякат кыла тургандыгын маалымдады. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG