Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Карзай: Кабулдагы чабуулдун артында чет өлкөлүк тыңчылар турат


Хамид Карзайдын айтымында, Кабулда акыркы кезде жасалган чабуулдардын максаты өкмөт менен талиптердин сүйлөшүүсүн үзгүлтүккө учуратуу жана анын артында чет өлкөлүк тыңчылар турат. Мындай пикирин ооган президенти ишемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө билдирген.

Адатта чет өлкөлүк тыңчылар жөнүндө айтылганда Ооганстан бийлиги Пакистандын чалгындоо кызматын карай жаңсашат. Акыркы беш күндүн ичинде Кабулда үч чабуул болуп, алардын бири ишемби күнү Борбордук шайлоо комиссиясына жасалган. Талиптер 5-апрелге белгиленген президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөшөрүн билдиришкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG