Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Ошто кургак учук боюнча "маалымат кербени" өтүп жатат


“Чек арасыз юристтер” уюму Ош облусунда кургак учук оорусу тууралуу "маалымат кербенин" уюштурууда. Акция 27-мартта Араван районунда башталган.

10-апрелге чейин облустун түрдүү аймактарында адистер кургак учук оорусу, анын жугуу жолдору жана сактануу ыкмалары тууралуу жарандарга акысыз кеңеш бермекчи.

Уюштуруучулар кабарлагандай, 10-апрель күнү Ош шаарындагы “Алымбек Датка” улуттук комплексинде ырчы жана бийчилердин катышуусунда акысыз концерт тартууланат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жер жүзүндө адамдардын үчтөн бири, тагыраак айтканда 2 миллиардга жакыны кургак учук менен жабыркайт. Жыл сайын миллион киши ушул дарттан каза табат. Адистердин айтымында, кургак учук эң кооптуу 10 оорунун катарында.

Республикалык медициналык маалымат борборунан кабарлашкандай, жыл сайын Кыргызстанда 6 миң киши бул ооруну жуктурат. Алардын арасында миңден ашууну балдар. (SE)

XS
SM
MD
LG